Ажыкулов: 27 жылдан бери жалгыз жарандык авиация өнүкпөй койду

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгуу үчүн дагы бир далай иштерди аткарышы зарыл экендигин билдирди.

Өлкөнүн бардык тармагында туруктуу өсүш болбосо дагы, кандайдыр бир өзгөрүү болуп турат. Ал эми жарандык авиация тармагы жылдан-жылга артка гана кетүүдө. Бул тууралуу Темир Ажыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгерде абал жөнгө салынбаса, өлкөбүздүн эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгуусу кыйын болуп калат.

“Кара тизмеден чыгуу боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинде иш-аракеттер, пландар коюлуп жатат. Бирок алар аткарылабы же жокпу, белгисиз. Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесине киргенибизге 10 жылдай болду. Себеби жергиликтүү учактарыбыздын сапаты начар, пайдалануу мөөнөтү эскирген. Кыскача айтканда, биздин учактарда учуу кооптуу. Авиакомпаниялар ортосунда атаандаштык жок. Өлкөдө 15 авиакомпания каттоодон өтсө, азыр анын 3-4ү эле иштейт. Жарандык авиация жабык тармак сыяктуу, маалымат алуу кыйын. Бир нерсе болсо эле “каражат жок дешет”. Бирок башка тармактарда деле акча жок. Анткен менен алар инвестиция тартып, аракет көрүп, өсүп-өнүгүп жатышат”, — деди Ажыкулов.

Ошондой эле ал Кыргызстанда учактар катталып, учууга уруксат алуу боюнча эрежелер өтө оор экендигин кошумчалады.

Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды


Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды

Учурда ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу 90 пайызга ишке ашырылды.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттар “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Эмил Токтошев “Кыргыз авиациясы кара тизмеден качан чыгат?” деп суроо салды.

Акышев 2019-жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмуна арыз жаза аларын жана алар экинчи кварталда карай турганын кошумчалады.

“2017-жылы ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу учурда 90 пайызга ишке ашты. Буга чейин жайында эки инспектор келип иштеп кеткен, азыр дагы эки инспектор келип жардам берип жатат. Кара тизмеден чыгуу үчүн кийинки жылдын биринчи кварталынын аягында арыз бере алабыз, алар экинчи кварталда карашат”, — деди ал.

Акышев ошондой эле депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 5-даражадагы ачык асман долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын кара тизмеден чыгуусуна жардамы тиерин белгиледи.

Эл өкүлдөрү 5-даражадагы ачык асман долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү компаниялардын да кызыкчылыгын эске алуу керектигин билдиришти. Аны менен катар ички каттамдарды өнүктүрүп, билеттин баасын элдин капчыгына ылайыктап арзандатуу керектигин сунушташты.

Ошону менен бирге эле бул жаатта Грузия менен Армениянын тажрыйбасын эске алып, ошолордун жолу менен кетүү керектигин айтышты.

Депутат Акылбек Жапаров Грузияда ачык асман долбоорунун алкагында учурда Европа мамлекеттерине 40 доллар менен учуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын башында чыгат деп билдирген болчу.

Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары

Өткөн айдын соңунда Ош аэропортунда учуу тилкесине чыгып күүлөнөөр алдында эл ташыган учактын алдыңкы дөңгөлөктөрү жарылган. Жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана көздөгөн жерине сапар алган. Буга чейин да каттамды үзгүлтүккө учураткан бир катар окуялар катталганы маалым.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыл башынан бери өлкөнүн жарандык авиациясында кандай кооптуу учурлар болгондугун тактап көрдү.

Кыргызстанда ата мекендик үч авиакомпания иштеп, тогуз учак менен жүргүнчү ташып келет. Алар тогуз ай ичинде 3378 каттам аткарса, анын 582си өз убагында болгон эмес. Ага аба ырайы, техникалык мүчүлүштүк, авиакомпаниялардын жана диспетчердин милдеттерин өз учурунда аткарылбагандыгы себеп болгон. Андан сырткары, ал компаниялардын учактарынын эскилиги да чоң көйгөй.

Ал эми тогуз ай ичинде учактарга байланыштуу адам өмүрүнө түрдүү деңгээлдеги кооптуу абалды жараткан 12 окуя болгон. Алардын көпчүлүгү техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан келип чыккан.