Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен качан чыгары айтылды


Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен качан чыгары айтылды

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана көп жылдан бери ал тизмеден чыга албай келет.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан 2019-жылдын башында Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик зарыл болгон иш-аракеттерди көрүп баштаган.

“Убагында бизге келген эл аралык аудиторлордун берген актысына тиешелүү жооп даярдаган эмеспиз, каржы маселесин да чечкен эмеспиз. Андан сырткары, керектүү адистерди тандай албай калганбыз. Ошентип жүрүп КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эле кара тизмеден чыга албай жүрөт. Биз азыр анын себептерин так аныктап, кайсы талаптарды аткаруу керектигин аныктап жатабыз. Буюрса, 2019-жылдын биринчи кварталында ал тизмеден чыгабыз”, — деди Калилов.

Министр бул жаатта атайын план иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, кара тизмеге Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген өлкөлөр кирет. Ал мамлекеттердин учактарына Европа Биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынат.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru