Украинада АКШнын учагы кулап, учкуч каза тапты


Украинада АКШнын учагы кулап, учкуч каза тапты

Украинанын эки облусунда «Тунук асман — 2018» деп аталган авиациялык машыгуу өтүп, ага Украина менен кошо НАТОго мүчө өлкөлөр, анын ичинен АКШ да катышып жаткан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Украинанын аскер прокуратурасы Винницкая облусунда Су-27 аскер аба техникасын башкарган АКШлык учкучтун курман болгондугун тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

«Украинанын Аскер күчтөрүнүн Генералдык штабынан окуя болгон жерден эки учкуч каза болгондугун, бири украиналык, экинчиси АКШлык экендигин тастыктады», — деп айтылат маалыматта. 

Алардын бири Украинанын аскер аба күчтөрүнүн офицери, экинчиси АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын аскери экени анык болду. 

Истребитель 16-октябрда Бердичев жана Хмельник калктуу пункттарынын ортосунда кырсыктаган. Учурда издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. 

8-октябрдан тарта Винницкая жана Хмельницкая облустарында «Тунук асман — 2018» деп аталган авиациялык машыгуу башталган. Ага НАТОго мүчө өлкөлөр — Бельгия, Дания, Улуу Британия, Нидерланддар, Эстония, Румыния, Польша, жана АКШ катышып жаткан. 

ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт


ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт

Учурда КМШ өлкөлөрү боюнча авиакырсыктарды изилдөө менен МАК алектенет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында авиакырсыктарды иликтей турган бюро түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу коопсуздук боюнча адис Александр Власовдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

«КМШнын алкагында Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) бар эмеспи. Бирок шериктештиктин курамында бат-баттан өзгөрүүлөр болуп, айрым мамлекеттер МАКтын юрисдикциясын тааныбай койгон учурлар болот», — деди Власов.

Ошол себептүү авиакырсыктарды иликтей турган жаңы, анын чечими менен КМШ өлкөлөрү толугу менен эсептеше турган комитет түзүү каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүргүнчү ташуу менен алектенген үч авикомпания бар. Тилекке каршы, акыркы учурларда үчөөндө тең учакка байланыштуу чуулар маал-маалы менен болуп келет. Мисалы, Tez Jet компаниясынын учагынын мотору абадан күйүп, араңдан-зорго консо, AviaTraffic ишканасынын учагы орто жолдон кайтып келүүгө муктаж болгон.

Ал эми «Эйр Манас» компаниясынын «Домодедово» аба майданында бузулуп калган учагы, эки суткадан кийин Бишкекке учуп келди.

Учакта эмне үчүн телефон колдонууга болбойт? Адистер анык себебин айтты


Учакта эмне үчүн телефон колдонууга болбойт? Адистер анык себебин айтты

Учкучтардын биринин пикиринде, учакта телефон колдонууга салынган тыюу жокко чыгарылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Авиациядагы заманбап теxнологиялар учакта телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу News.com.au басылмасы жазды.

American Airlines компаниясынын учкучу Патрик Смиттин айтымында, телефон колдонууга салынган тыюу техникалык эмес, социалдык багытка байланыштуу.

«Сиз учакта уюлдук телефон менен бир учурда сүйлөшүп, кат жазышкан 200 жүргүнчү менен учкуңуз келет беле?» — деди Смит.

Ал эми EasyJet авиакомпаниясынын учкучу Крис Фостер авиациядагы заманбап теxнологиялар учакта телефон колдонууга мүмкүнчүлүк бере тургандыгын билдирди. Анын айтымында, самолеттун башкаруу системасы бир топ алга жылып, абага көтөрүлгөндө телефон анча деле терс таасир тийгизбейт. Ал ошондой эле учакта телефон колдонууга мурда тыюу салынганын жана жакынкы мезгилде бул тиртип жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru