“Орландар” Кыргызстандын асманында учушат

“Орландар” Кыргызстандын асманында учушат


“Орландар” Кыргызстандын асманында учушат

Учкучу жок уча турган “Орлан” жана “Форпост” машыгуу үчүн учууларда жана түрдүү окууларда “Кант” авиабазасындагы аскердик жана чабуул коюучу авиациянын өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүн жакшыртат дешет БААдан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Учкучу жок уча турган “Орлан” жана “Форпост” аппараттары “Кант” авиабазасындагы аскердик жана чабуул коюучу авиациянын натыйжалуулугун көтөрөт деп билдирет РИА Новости.

Борбордук аскер аймагынын өкүлү полковник Ярослав Рощупкин Кыргызстандагы авиабаза учкучу жок уча турган аппараттардын (УУА) жаңы бөлүкчөсү менен күчтөндүрүлө турганын белгиледи.

“Канттагы авиациялык база УУА бөлүкчөсүн түзө турган келишимдик негизде кызмат өтөөчүлөр менен толук камсыз болду”, — дейт Рощупкин.

Анын айтымында, Учкучу жок уча турган “Орлан” жана “Форпост” машыгуу үчүн учууларда жана түрдүү окууларда аскердик жана чабуул коюучу авиациянын өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүн жакшыртат.

Азыр авиабазада учукучтардын Су-25СМ учактары жана Ми-8МТВ тик учактары бар.

“Кант” авиабазасы түзүмдүк жактан БААнын ААК жана АСКнын курамына кирет, Жамааттык ыкчам күчтөрдүн авиациялык бөлүгү болуп эсептелет жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жердеги жана абадагы коопсуздугун камсыз кылууга катышат.

admin

Kommentare sind geschlossen.