Ысык-Көлгө Ташкенттен жана Новосибирскиден түз аба каттам ачылат


Ысык-Көлгө Ташкенттен жана Новосибирскиден түз аба каттам ачылат

Буга кошумча Тамчыга Шымкенттен, Алматыдан жана Астанадан каттам ачуу пландалууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна Ташкенттен жана Новосибирскиден чартердик каттамдар ачыла турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Жарандык авиация агенттигинин административдик иштер жана жүк ташуучуларды жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Алымбек Абакировдун айтымында, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттен Тамчыга учактар уча баштайт.

Ар шаршемби күнү 190 орундуу Boeing 757-231 учагы Ташкент — Тамчы — Ташкент багыты боюнча учуп, 1 саат 20 мүнөттө келет. Жол киренин баасы 340 далларды түзөт. Бул аба каттамы чартердик болуп саналат.

Ошондой эле Ысык-Көлгө Сибирдин Новосибирск шаарынан да каттам ачылат. S7 airlines авиакомпаниясына таандык 78 орундуу Embraer-170 учагы ар шаршемби жана жума күндөрү Новосибирск – Тамчы – Новосибирск багыты боюнча учат. Учуу мөөнөтү 2 саат 50 мүнөттү алат, учурда жол киренин баасы такталууда.

Андан сырткары, Астана – Тамчы – Астана, Алматы – Тамчы – Алматы жана Шымкент – Тамчы – Шымкент багыты боюнча дагы эл аралык каттамдарды ачуу болжолдонууда.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru