ЖККУга мүчө өлкө башчылары авиациялык жалпы күч түзүүнү талкуулайт


ЖККУга мүчө өлкө башчылары авиациялык жалпы күч түзүүнү талкуулайт

Президенттердин жолугушуусунан тышкары, Дүйшөмбүдө тышкы иштер министрлеринин, Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны өтөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө үстүбүздөгү жылдын 14-15-сентябрь күндөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары жолугары тууралу маалымат уюмдун расмий сайтына жайгаштырылган.

Ага ылайык, Дүйшөмбүдө президенттердин жолугушуусунан тышкары, тышкы иштер министрлеринин, Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны өтөт.

Жолугушууда өлкө башчылары аскердик транзит, жамааттык авиациялык күчтөрдү, ЖККУ күчтөрүн башкаруу системаларын түзүү, аскердик-техникалык кызматташуу маселелери талкууланат.

ЖКУУ 1992-жылдын май айында түзүлгөн. Уюмга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru