Учак кырсыгына байланыштуу 1-ноябрь Россияда аза күтүү күнү деп жарыяланды


Учак кырсыгына байланыштуу 1-ноябрь Россияда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Ичинде 224 кишиси бар россиялык аба кемеси Санкт-Петербургга багыт алып, 23 мүнөттөн кийин Синай жарым аралына кулап түштү.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Египеттеги учак кырсыгына байланыштуу Россияда 1-ноябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында Кремлдин расмий сайтында маалымдалат.

Египеттин жарандык авиация боюнча министрлиги кулаган учак боюнча расмий билдирүү жасап, ал россиялык “Когалымавиа” аба компаниясына таандык экендигин айтты.

Россиянын президенти Владимир Путин аза күтүү күнү боюнча атайын Жарлыкка кол койду. 

Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигине Египетте тез арада кырсык болгон жерге учак жөнөтүү тапшырмасын берди. ӨКМ менен Саламаттыкты сактоо министрлигине каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү иштерин жөнгө салуу тапшырылды. 

Путин авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. 

Маалыматтарга ылайык, А-320 үлгүсүндөгү учак ишемби күнү Москва убактысы боюнча таңкы 6.51де KGL9268 рейси менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербург шаарына багыт алган. Арадан жарым саатка жетпеген убакытта учак радар экранынан жок болгон. Аэробуста жети экипажды кошпогондо 217 жүргүнчү болгон. Акыркы маалыматтарда, алардын 17си балдар экендиги кабарланды. 

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru