Сооронбай Жээнбеков: авиаучуулардын коопсуздугун күчөтүү зарыл


Сооронбай Жээнбеков: авиаучуулардын коопсуздугун күчөтүү зарыл

Кыргызстанда жарандык авиация күнү жыл сайын 7-октябрда белгиленет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда авиация коопсуздугун күчөтүп, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жарандык авиациянын 85 жылдыгы менен тармак кызматкерлерин куттуктап жатып айтты. Жээнбековдун куттуктоосу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

“Азыркы учурда учуулардын географиясын кеңейтүү, жаңы каттамдарды көбөйтүү, ошондой эле “Манас” жана “Ош” аэропортторун жакшыртуу боюнча көп иштер жасалууда. Жарандык авияцияны өнүктүрүү — башкы максаттардын бири”, — деп жазылган куттуктоодо.

Мындан тышкары, президент бул тармактын ардегерлерине ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, азыркы муундун авиакаттамдар рыногунда атаандашууга кошуп жаткан зор салымын баса белгиледи.

Куттуктоосунун аягында президент авиаторлорго чың ден соолук, ийгилик жана бактылуу турмуш каалады.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru