Archive 25.12.2018

Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары

Өткөн айдын соңунда Ош аэропортунда учуу тилкесине чыгып күүлөнөөр алдында эл ташыган учактын алдыңкы дөңгөлөктөрү жарылган. Жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана көздөгөн жерине сапар алган. Буга чейин да каттамды үзгүлтүккө учураткан бир катар окуялар катталганы маалым.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыл башынан бери өлкөнүн жарандык авиациясында кандай кооптуу учурлар болгондугун тактап көрдү.

Кыргызстанда ата мекендик үч авиакомпания иштеп, тогуз учак менен жүргүнчү ташып келет. Алар тогуз ай ичинде 3378 каттам аткарса, анын 582си өз убагында болгон эмес. Ага аба ырайы, техникалык мүчүлүштүк, авиакомпаниялардын жана диспетчердин милдеттерин өз учурунда аткарылбагандыгы себеп болгон. Андан сырткары, ал компаниялардын учактарынын эскилиги да чоң көйгөй.

Ал эми тогуз ай ичинде учактарга байланыштуу адам өмүрүнө түрдүү деңгээлдеги кооптуу абалды жараткан 12 окуя болгон. Алардын көпчүлүгү техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан келип чыккан.

Украинада АКШнын учагы кулап, учкуч каза тапты


Украинада АКШнын учагы кулап, учкуч каза тапты

Украинанын эки облусунда “Тунук асман — 2018” деп аталган авиациялык машыгуу өтүп, ага Украина менен кошо НАТОго мүчө өлкөлөр, анын ичинен АКШ да катышып жаткан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Украинанын аскер прокуратурасы Винницкая облусунда Су-27 аскер аба техникасын башкарган АКШлык учкучтун курман болгондугун тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

“Украинанын Аскер күчтөрүнүн Генералдык штабынан окуя болгон жерден эки учкуч каза болгондугун, бири украиналык, экинчиси АКШлык экендигин тастыктады”, — деп айтылат маалыматта. 

Алардын бири Украинанын аскер аба күчтөрүнүн офицери, экинчиси АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын аскери экени анык болду. 

Истребитель 16-октябрда Бердичев жана Хмельник калктуу пункттарынын ортосунда кырсыктаган. Учурда издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. 

8-октябрдан тарта Винницкая жана Хмельницкая облустарында “Тунук асман — 2018” деп аталган авиациялык машыгуу башталган. Ага НАТОго мүчө өлкөлөр — Бельгия, Дания, Улуу Британия, Нидерланддар, Эстония, Румыния, Польша, жана АКШ катышып жаткан. 

ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт


ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт

Учурда КМШ өлкөлөрү боюнча авиакырсыктарды изилдөө менен МАК алектенет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында авиакырсыктарды иликтей турган бюро түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу коопсуздук боюнча адис Александр Власовдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

“КМШнын алкагында Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) бар эмеспи. Бирок шериктештиктин курамында бат-баттан өзгөрүүлөр болуп, айрым мамлекеттер МАКтын юрисдикциясын тааныбай койгон учурлар болот”, — деди Власов.

Ошол себептүү авиакырсыктарды иликтей турган жаңы, анын чечими менен КМШ өлкөлөрү толугу менен эсептеше турган комитет түзүү каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүргүнчү ташуу менен алектенген үч авикомпания бар. Тилекке каршы, акыркы учурларда үчөөндө тең учакка байланыштуу чуулар маал-маалы менен болуп келет. Мисалы, Tez Jet компаниясынын учагынын мотору абадан күйүп, араңдан-зорго консо, AviaTraffic ишканасынын учагы орто жолдон кайтып келүүгө муктаж болгон.

Ал эми “Эйр Манас” компаниясынын “Домодедово” аба майданында бузулуп калган учагы, эки суткадан кийин Бишкекке учуп келди.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru