Авиация ардагерлери нааразычылык билдиришти


Авиация ардагерлери нааразычылык билдиришти

Ардагерлер вице-премьерге пенсияга кошулуучу төлөмдөрдүн көлөмү жетишсиз экенин айтышты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жарандык авиация системасында иштеп жүрүп, эс алууга чыккан ардагерлер вице-премьер Валерий Дилдин кабыл алуусунда болуп, нааразычылык билдиришти.

Ардагерлер пенсия менен кошо берилүүчү кошумча төлөмдүн адилетсиздигине чиновниктин көңүлүн бурушту. 

Пенсионерлердин дооматын уккан Диль документтерди карап чыгып, бул тууралуу мыйзамга киргизүүчү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну өкмөттүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырды.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru