Кыргызстанда ижарага жеке

Кыргызстанда ижарага жеке учак алууну каалайсызбы? AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылыңыз! Сиз көрсѳткөн  багыт боюнча өз убагында жөнөөчү, адамдын санына ылайыкташтырылган керектүү форматтагы аба кемесин ижаралоого ыкчам түрдө жардам беребиз.

Кыргызстандагы бизнес-авиация өз убакытын жана жайлуулугун эң жогору баалаган жана авиаташуучулардын үзгүлтүксүз каттамдарынан көз карандысыз саякат кылууну каалагандар үчүн. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы сизге учакты эң ыңгайлуу шарттарда сунуштайт, сиз дүйнөдөгү каалаган чекитине которууларсыз, толук эркиндик жана жогорку деңгээлдеги тейлөө менен ырахаттанып, жөнөй аласыз.

Бизнес-джетти кантип тез ижарага алууга болот

Жеке учакты жалдоо үчүн сизге бир жакка барууга, жадагалса жумуш ордуңуздан турууга да кажет жок. Сиз төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен, биздин сайтта өтүнмө калтырсаңыз болот:

  • багыт,
  • жүргүнчүлөрдүн саны,
  • эки тарапка учуулардын күнү,
  • жүктүн болжолдуу салмагы жана өлчөмү.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын менеджери өтүнмөңүздү дароо иштеп чыгат жана сизге керектүү багыт боюнча жөнөөгө даяр болгон учактардын моделдерин көрүүгө сунуш жиберет. Ошондой эле, катта эки тарапка учуулардын баасы, салондогу орундардын саны, аба кемелеринин жашы жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Сиз бизнес-джеттин сүрөттөрүн жана сүрөттөмөлөрүн көрүп, эң жакшысын тандай аласыз. Андан кийин электрондук кол жазма аркылуу келишим түзүп, жүргүнчүлөрдүн паспорттук маалыматтарын жөнөтүп жана эсепти накалай эмес жол менен төлөө гана калат. Бул болгону бир нече мүнөттү талап кылат. Бардык нюанстарды менеджер менен келишим түзүп жатканда талкулоо ыңгайлуу.

Жеке каттамдын артыкчылыктары

Кыргызстанда жеке учакты ижарага алуу бизнестеги да, жеке жашоодогу да көпчүлүк маселелерди чечүүгө жардам берет. Джетти каалаган максатта жалдоого болот: ишкердик саякат, кызматкерлерди иш сапарына жөнөтүү, үй-бүлөлүк саякат же жадагалса майрамды асманда өткөрүү.

  • Сиз чыпта издеп, аэропортто бардык формалдуулуктардан өтүп убара болбойсуз, анткени бул жол-жобо болгону бир нече мүнөттү талап кылат. Учакка учууга жыйырма мүнөт калганда келип, паспортко штамп койдуруп, бортко өтүү эле жетиштүү.
  • Жеке учакта дүйнөдөгү сиз каалаган чекитке которууларсыз саякаттоого болот. Үзгүлтүксүз каттамдарда керектүү багыт каралбаган учурда ишкердик авиация куткарат. Алыскы аралыктарга жана башка өлкөлөргө борбор шаардагы «Манас» аэропорту жана башка «Баткен», «Ош», «Ысык-Көл» сыяктуу ири эл аралык аба гавандары аркылуу жетүүгө болот.
  • Сиз AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын менеджерине айткан каалоолоруңузга жараша, бортто бүт ыңгайлуулуктар караштырылат, мисалга: ресторандан түшкү тамак, душ, ыңгайлуу диван же кең тилкелүү интернети бар иш кабинети.
  • Биз сизге дүйнөнүн каалаган чекитинде трансфер сунуштап, ар кайсы жерде тосуп алып жана узатып, Европада ар түрдүү майрамдык же жумуш боюнча иш чараларын уюштурууга жардам берүүгө даярбыз.
  • Жеке учакты экипажы менен ижарага алуу көп сандагы жүктөрдү багаждарды же башка жүктөрдү, мисалы товарларды жана жаныбардарды ташууга мүмкүндүк берет. Буюртманы түзүп жатканда бул учурларды менеджер менен келишип алсаңыз, буюмдарыңызды керектүү жайга оңой жеткирип аласыз. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө ири ишканалар активдүү иштеп, уран камтыган рудалар, алтын жана күмүш өндүрүү улантылып, тигилген буюмдар, пахта, жүн, эт, тамеки, бут кийим ж. б. товарлар экспорттолууда. Ошол себептен Кыргызстанда бизнес-авиация ишкерлер арасыда барган сайын популярдуу болуп жатканы таң калычтуу эмес. Бактыга жараша, AVIAV TM (Cofrance SARL) эл аралык компаниясынын бул жерде өкүлчүлүгү бар жана буюртмаларды күнү-түн кабыл алат – жеке каттамга каалаган учурда буюртма жасоого болот.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылыңыздар жана ишкердик авиация бизнес чөйрөсүндөгү сиздин эң жакын жардамчыңыз болот!

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru