Россия Дамасктын өтүнүчү менен Сирияга аскер авиациясын жөнөттү


Россия Дамасктын өтүнүчү менен Сирияга аскер авиациясын жөнөттү

Президент Башар Асаддын катында Россия президенти Владимир Путинден терроризм менен күрөшүү үчүн Аскердик аба күчтөрүн жөнөтүү суранычы жазылган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россия Дамасктын өтүнүчү менен Сирияга аскердик авиациясын жөнөттү деп билдирди Франс Пресс агенттиги сириялык президенттин кеңсесинин маалыматына таянып. 

“Россиянын Аскердик аба күчтөрү сириялык тараптын суранычы менен, алардын башчысы Башар Асаддын РФ президенти Владимир Путинге жазган катынан кийин Сирияга жөнөтүлдү. Анда Путиндин терроризмге каршы күрөшүү демилгесинин негизинде жардам иретинде орустардын аскердик аба күчтөрүн жиберүү өтүнүчү жазылган”, — деп жазды агенттик Сирия мамлекет башчысынын кеңсесинин билдирүүсүнө таянып. 

Бүгүн эле РФтин Федерациялык кеңешинин мүчөлөрү Путиндин россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонуу өтүнүчүнө уруксат берүүнү бир добуштан колдогон.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru