Түркия тарабынан атып түшүрүлгөн Су-24 учагынын кара ящигинин сыртына зыян келген


Түркия тарабынан атып түшүрүлгөн Су-24 учагынын кара ящигинин сыртына зыян келген

Журналисттердин жана Кытай менен Улуу Британиядан келген авиация адистеринин катышуусу менен түрк аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн Су-24 учагынын кара ящиги ачылды.й

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын коргоо министрлиги түз эфирде Су-24 учагынын кара ящигин ачып, анын ичиндегилерди текшеришти. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кара ящиктин маалыматтар сакталган бөлүмү бир аз зыян тарткан. Ошентсе да алгачкы жыйынтыктар 21-декабрда даяр болот.

Атайын жыйын учурунда Россиянын аба-космикалык күчтөрүнүн өкүлдөрү журналисттердин жана Кытай менен Улуу Британиядан келген адистердин катышуусу менен Су-24 учагынын кара ящигин ачып, ичиндегелерди текшеришип, кайта атайын сейфке салышты. Анда россиялык учактын акыркы учуулары толук жазылып калган.

Россиянын аба-космикалык күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Сергей Дроновдун айтымында россиялык учактын акыркы учурууларын аныктоо жана текшерүү иштери россиялык жана дүйнөлүк коомчулук үчүн ачык болорун кошумчалады.

Россиянын Су-24 учагы Түркиянын F-1 учагы тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин солгундап кеткен. Россиянын президенти Владимир Путин бул кадамды “далыга урулган бычак” катары сыпаттаган. Бул окуядан кийин орус президенти улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жана Түркияга карата экономикалык чаралардык көрүү боюнча буйрукка кол койгон.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru