Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары

Өткөн айдын соңунда Ош аэропортунда учуу тилкесине чыгып күүлөнөөр алдында эл ташыган учактын алдыңкы дөңгөлөктөрү жарылган. Жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана көздөгөн жерине сапар алган. Буга чейин да каттамды үзгүлтүккө учураткан бир катар окуялар катталганы маалым.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыл башынан бери өлкөнүн жарандык авиациясында кандай кооптуу учурлар болгондугун тактап көрдү.

Кыргызстанда ата мекендик үч авиакомпания иштеп, тогуз учак менен жүргүнчү ташып келет. Алар тогуз ай ичинде 3378 каттам аткарса, анын 582си өз убагында болгон эмес. Ага аба ырайы, техникалык мүчүлүштүк, авиакомпаниялардын жана диспетчердин милдеттерин өз учурунда аткарылбагандыгы себеп болгон. Андан сырткары, ал компаниялардын учактарынын эскилиги да чоң көйгөй.

Ал эми тогуз ай ичинде учактарга байланыштуу адам өмүрүнө түрдүү деңгээлдеги кооптуу абалды жараткан 12 окуя болгон. Алардын көпчүлүгү техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан келип чыккан.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru