Ажыкулов: 27 жылдан бери жалгыз жарандык авиация өнүкпөй койду

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгуу үчүн дагы бир далай иштерди аткарышы зарыл экендигин билдирди.

Өлкөнүн бардык тармагында туруктуу өсүш болбосо дагы, кандайдыр бир өзгөрүү болуп турат. Ал эми жарандык авиация тармагы жылдан-жылга артка гана кетүүдө. Бул тууралуу Темир Ажыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгерде абал жөнгө салынбаса, өлкөбүздүн эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгуусу кыйын болуп калат.

“Кара тизмеден чыгуу боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинде иш-аракеттер, пландар коюлуп жатат. Бирок алар аткарылабы же жокпу, белгисиз. Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесине киргенибизге 10 жылдай болду. Себеби жергиликтүү учактарыбыздын сапаты начар, пайдалануу мөөнөтү эскирген. Кыскача айтканда, биздин учактарда учуу кооптуу. Авиакомпаниялар ортосунда атаандаштык жок. Өлкөдө 15 авиакомпания каттоодон өтсө, азыр анын 3-4ү эле иштейт. Жарандык авиация жабык тармак сыяктуу, маалымат алуу кыйын. Бир нерсе болсо эле “каражат жок дешет”. Бирок башка тармактарда деле акча жок. Анткен менен алар инвестиция тартып, аракет көрүп, өсүп-өнүгүп жатышат”, — деди Ажыкулов.

Ошондой эле ал Кыргызстанда учактар катталып, учууга уруксат алуу боюнча эрежелер өтө оор экендигин кошумчалады.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru