Акышев: кара тизмеден чыксак, Европага уча баштайт элек

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 11 аэропорттун бешөөсүнүн эл аралык макамы бар экендигин маалымдады.

Калган алты аба майданда республикалык каттамдар ишке ашат. Алдыдагы планга ылайык, каттамдардын географиясын кеңейтүү каралып, аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пландар Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгуусунан көз каранды.

“Кара тизмеден чыгып калсак, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, Европага уча баштайт элек. Каттамдардын санын көбөйтүү боюнча иштер аткарылып жатат. “Тажик”, “Сомон эйр” сыяктуу авикомпаниялар Пекин, Гуанчжоу, Сеулга биз аркылуу учуу боюнча сунуштарын берген. Оштон Стамбулга жүк, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча рейстерди ачуу мерчемдери бар. Баткен, Жалал-Абад, Исфанадагы аэропорттор өлкө ичиндеги каттамдар үчүн гана иштейт. Тамчыдагы аба майданы болсо сезонго жараша иш алып барат. Жалпысынан алганда республиканын ичинде каттам жүргүзгөн алты аба майданы бар, бул жаман эмес”, — деди Акышев.

Ошондой эле ал Казармандагы аба майдандын учуп-конуу тилкесин узартуу жана Караколдогу аэропортту ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru