Бакиевдин учагы канчага сатылды жана анын акчасы эмнеге жумшалат?


Бакиевдин учагы канчага сатылды жана анын акчасы эмнеге жумшалат?

2008-жылы Курманбек Бакиев үчүн 6,3 миллион долларга сатып алынган учак 2015-жылы 7-декабрда өткөн аукциондо 3,1 миллион долларга сатылды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. «Эйр Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясы учурунда Курманбек Бакиев үчүн 2008-жылы сатып алынган учакты сатуудан түшкөн каражатка башка учак сатып алат. Бул тууралуу авиакомпаниянын башкармалыгынын төрагасы Жолдошбек Бектурсунов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

2008-жылы чыккан В300 моделиндеги Beechcraft SuperKingAir-350 учагы 2008-жылы аукциондо 6,3 миллион долларга ошол убактагы президент Курманбек Бакиев үчүн сатып алынган.

Учак транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон, апрель окуяларынан кийин «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын карамагына өткөн.

2015-жылы 7-декабрда болгон аукциондо бул учакты Aerovista FZE ЖЧКсы (Бириккен Араб эмирлиги) сатып алган.

«Аукционго эки компания катышты. Учак 3 миллион 130 миң долларга сатылды. Сатыктан түшкөн каражат «Эйр Кыргызстан» компаниясында калат. Бул учакта эч ким учпагандыктан аны сатып, ордуна башка учак алуу чечими кабыл алынган», — дейт Бектурганов.

Анын айтымында, учурда ички каттам үчүн ATR-72 үлгүсүндөгү учакты сатып алуу пландалууда. Балким ал учак Бишкек — Ош каттамы боюнча учушу мүмкүн.

«Бирок, жаңы учактар абдан кымбат, баасы 25 миллион долларга чейин жетет. Андыктан биз учактын жарымынын баасын азыр төлөп, калганын 12 жылдын ичинде төлөө боюнча варианттарды карап жатабыз. Мындай сунуш Бириккен Араб Эмирлигиндеги бир компаниядан түшүп жатат. Ал учак биздин шартка канчалык туура келерин караштыруудабыз», — дейт ал.

ATR-72 үлгүсүндөгү учак ортомагистралдык учуулар үчүн колдонулат. Анын ичине 74 жүргүнчү батат.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru