Куткаруучулар: кулаган учактын калдыктарынын алдынан кишилердин үнү угулуп жатат


Куткаруучулар: кулаган учактын калдыктарынын алдынан кишилердин үнү угулуп жатат

217 жүргүнчүсү менен Синай жарым аралына кулаган аба лайнеринин калдыктарынын арасынан куткаруучулар тирүү калгандарды издеп жатышат.

БИШКЕК, 31-окт — Sputnik. Египетте кулаган учактын алдынан тирүү калгандардын үндөрү угулуп жаткандыгын жергиликтүү коопсуздук кызматынын адистери билдиришти. Бул туурасында Рейтер агенттиги жазды.

Буга чейин Египеттин жарандык авиация боюнча министрлиги кулаган учак боюнча расмий билдирүүсүн жасап, ал россияга тиешелүү лайнер экендигин айткан. 

Маалыматтарга ылайык, А-320 үлгүсүндөгү учак ишемби күнү Москва убактысы боюнча таңкы 6.51де KGL9268 рейси менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербург шаарына багыт алган. Арадан жарым саатка жетпеген убакытта учак радар экранынан жок болгон. Аэробуста жети экипажды кошпогондо 217 жүргүнчү болгон. Акыркы маалыматтарда, алардын 17си балдар экендигин кабарланды.

“Куткаруучулардын тобу кулаган учактан үндөр угулуп жаткан бөлүгүнө барууга аракет кылып жатат, аларды тирүү бойдон таап алып чыгууга болгон күчүн жумшап жатышат”,— деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү маалымат агенттиги каза болгондордун сөөгүн жакын жерде жайгашкан ооруканаларга ташып жатканын билдирди.

Кыргызстандын ТИМи кулаган учакта Кыргызстан жарандары бар-жогун тактап жатат.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru