Иран: Россиянын авиациясынын Сириядагы соккусу ИМге каршы күрөштөгү олуттуу кадам


Иран: Россиянын авиациясынын Сириядагы соккусу ИМге каршы күрөштөгү олуттуу кадам

Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зари Батыш өлкөлөрү Асадга жардам бергиси келбейт, бирок Сириянын азыркы бийлигине каршы сокку уруудан кийин «Ислам мамлекети» менен беттешүүгө туура келет деди.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өзүнүн аскердик авиациясын Сирияда колдонуу жөнүндө Москванын чечими «Ислам мамлекети» (ИМ) терорристтик тобуна каршы күрөштө өтө маанилүү жана оң кадам болуп эсептелет деген ойдо Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зари.

«Ооба», — деди Зариф Sputnik агенттигинин суроосуна жооп берип жатып. Жана ал «ИМге каршы ар бир кыймыл оң кадам болот» деп кошумчалады.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү «Сириянын президенти Башар Асадга эч жардам көрсөткүлөрү келбейт».

«Бул жерде алар экинин бирин тандай алат: эгер ИМге сокку урсаңар, андан кийин Асад менен иш алып барасыңар, эгер Асадга сокку урсаңар, анда анын артынан ИМ менен беттешүүгө туура келет», — деп кошумчалады Ирандын ТИМ башчысы.

30-сентябрда Россиянын Федерациялык кеңешинин мүчөлөрү Путиндин россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонуу өтүнүчүнө уруксат берүүнү бир добуштан колдогон.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru