Чартерлер: эмнени билүү керек

Азыркы убакта «чартер» деген сөздү баары эле уккан чыгаар. Көпчүлүгү бул сөздү курортко учуп бара жаткан учакка окшоштурушат: аны кандайдыр бир ири туроператор үзгүлтүксүз каттамдардан көз карандысыз жалдап, аны болушунча туристтер менен толтуруп салды. Аба кемеси, мүмкүн, авиакомпаниялардын күнүмдүк ырааттамасында жок багыт менен жөнөйт.

Бирок бул жөн гана «инклюзив чартер» деп аталган, буюртма кылынган каттамдардын бир түрү экенин көпчүлүгү биле бербейт. Учакка чыпталар, эреже катары, турпакетке кирет, ошол себептен саякатчы алардын чыныгы баасын билбей да калат. Туристтик компаниялар турду учуусу жок саткан учурлар сейрек кездешет: мындай учурда алардын милдетине баары бир кардарга «ошол жакка баруучу» учакты табуу жана ага чыпта ээлөө кирет.

 

Жабык чартер 

Дагы кандай чартерлер бар? Биринчи кезекте, албетте, бул индивидуалдык жеке учуулар. Бул сыяктуу каттамга ар бир жашы жеткен адам буюртма жасай алат. Ал үчүн AVIAV TM (Cofrance SARL) ишенимдүү авиаброкерине кайрылып, учакты ижарага алууга келишим түзүү жетиштүү. Ал кардарга ыңгайлуу убакытта керектүү багыт боюнча жол алат.

Борт учуучу жүргүнчүлөрдүн санына карата чакталат, эреже катары, бул сыяктуу буюртмалар 5-10 адамга жасалат. Кааласаңыз, жалгыз жөнөсөңүз да болот. Мындай учуулар эң жогорку деңгээлдеги жайлуулукта өтөт, жүргүнчүлөргө люкс классындагы кызмат көрсөтүлөт.

Мындай каттамдар «жабык чартер» деп аталат. «Жабык» болгонунун себеби – көпчүлүк саякатчылардын конфиденциалдуулукту сактоого болгон аракетинде. Бир гана авиаброкер жана аэропорттун айрым кызматкерлери ким кайда учаарын билишет. Бул маалыматты жарыялоого болбойт.

Көбүнчө саясатчылар, жогорку кызмат ордун ээлегендер, ири ишкерлер, белгилүү коомдук ишмерлер, шоу-бизнес жылдыздары ж.б. ушундай саякатташат. Аба кемеси жеке жана ишке байланыштуу максаттар үчүн ижараланышы мүмкүн. 

 

Эфинити чартер 

Окшош вариант – «эфинити чартер». Бул да индивидуалдык каттам, бирок анын жалдоочусу негизинен уюмдар болот. Жүргүнчүлөр – бир максатты көздөп, саякат кылып жаткан адамдардын тобу. Бул кызматкерлердин иш сапары, театрдын көчмө спектакли, футболисттердин матчка учуусу болушу мүмкүн, жана мындан башка жүздөгөн ар түрдүү варианттар бар.

Буга жараша, чоңураак  өлчөмдөгү аба кемеси талап кылынат. Ал эми буюртма жасоо тартиби ушундай эле, бирок келишим юридикалык жак менен түзүлөт. Андан соң AVIAV TM (Cofrance SARL) авиаброкери көрсөтүлгөн форматтагы учакты табат жана берилген каттам боюнча учууга уруксат алат. Бортто тейлөөнүн ар кандай түрлөрүн алууга болот: такыр жоктон – эң укмуштуу жана сапаттууга чейин. Пайдалуу жагы, жүргүнчүлөрдүн бардык каалоолорун эске алуу мүмкүнчүлүгү жана ар бирине жеке мамиле кылуу болуп эсептелет: мисалы, спортчулар үчүн меню жана жаш балдар үчүн көңүл ачуулар.

 

Нон-эфинити чартер

«Нон-эфинити чартер» окшош вариант болуп эсептелинет. Анын да жалдоочусу уюм болот, бирок жүргүнчүлөр бири-бири менен эч кандай байланышкан эмес, алар бири-бирин тааныбашы да мүмкүн. Бул вариантты көбүнчө кандайдыр бир масштабдуу иш-чаранын күйөрмандары, көрүүчүлөрү жана көз карандысыз катышуучуларынын тобу саякат кылып жатканда, зыярат кылуу компаниясы тандайт. Мындай максаттар үчүн көбүнчө 40-50 орундук учак алынат, бирок кээде мындан да чоң өлчөмдөгү, 100 же андан ашык жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган аба кемелери керектелет.

Ижарага алуу тартиби бирдей: AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылып, учакты кандай максатта ижара алынып жатканын айтуу жетиштүү. Эреже катары, жалдоочу кайрылып жаткан учурда эле канча адам учаарын жана алар жөнүндө маалыматтарды билет. Эгер көп жүргүнчү топтолсо, көбүнчө эконом-класс салону бар аба кемеси жалданат, бирок сапаттуураак тейлөөгө да буюртма жасоого болот.

 

Чартердин башка түрлөрү

Кээде тапшырык кылынуучу каттамдарга «блок-чартер» жана «сплит-чартерди» кошушат. Биринчи вариантта кандайбыр бир компания үзгүлтүксүз каттамды аткаруучу учактын бир бөлүгүн ижарага алат (мисалы, ошол эле турфирма – кардарлардын учакта сөзсүз орду бар болушу үчүн).

«Сплит-чартерге» келсек, ал көбүнчө которуулары бар каттамдарда колдонулат. Мындай учурда, акырында керектүү пунктка жетиш үчүн, ар түрдүү каттамдар боюнча учуп жаткан чартерлердин жана үзгүлтүксүз каттамдардын жүргүнчүлөрү «аралашып кетишет». Авиаброкерлер мындай каттамдарды уюштуруу менен алектенбейт, бул суроолор авиакомпания аркылуу чечилет.

 

Чартерлер жөнүндө дагы эмнелерди билүү керек

Чартерлер жөнүндө дагы эмнелерди билүү керек? Эгер AVIAV TM (Cofrance SARL) компаиясынын кардары уюм болсо, мисалы, кызматкерлерин иш сапарына жиберип жаткан ишкана, турфирма ж.б., анда авиаброкер аны менен иштешет. Бул – жалдоочу, жүргүнчүлөрдүн каалоолорунан көз карандысыз, учуп чыгуу аэропортун, жөнөө убакытын, жадагалса саякатчыларды эң акыркы моментте өзгөртүп салышы мүмкүн дегенди билдирет.

Мындай жагдай сөз белгилүү туроператор жөнүндө болуп жатса да, орун алышы мүмкүн. Кээде саякатчы, аны кандайдыр бир себептер боюнча, таң эрте менен эмес, кечинде учуучу башка учакка отургузуп коюшканын учууга болгону бир сутка калганда билет. Бирок, ири уюмдар, эгер чыпталардын баарын сата албай калышса, турдун баасын, атап айтканда – чыптанан баасын акыркы моментте төмөндөтүп коюшу мүмкүн. Ошол себептен, ар бир жагдайдын өзүнүн жакшы жактары бар.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы кандай чартер колдонушуңузга карабастан, кардарлардын бардык каалоолоруна абдан көңүл коюу менен мамиле жасайт. Биз эч качан каттамды башка аэропортко которбойбуз (эгер өзгөчө кырдаал болбосо) жана белгиленген убакытта жөнөө үчүн, учактын аэропортто кармалып калышын болтурбоого аракет кылабыз. Учууларга бизден буюртма кылыңыз жана ырахат менен саякаттаңыз!

 

 

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru