ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт


ЕАЭБдин алкагында авиакырсыктарды иликтөөчү жаңы комитет түзүлөт

Учурда КМШ өлкөлөрү боюнча авиакырсыктарды изилдөө менен МАК алектенет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында авиакырсыктарды иликтей турган бюро түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу коопсуздук боюнча адис Александр Власовдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

“КМШнын алкагында Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) бар эмеспи. Бирок шериктештиктин курамында бат-баттан өзгөрүүлөр болуп, айрым мамлекеттер МАКтын юрисдикциясын тааныбай койгон учурлар болот”, — деди Власов.

Ошол себептүү авиакырсыктарды иликтей турган жаңы, анын чечими менен КМШ өлкөлөрү толугу менен эсептеше турган комитет түзүү каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүргүнчү ташуу менен алектенген үч авикомпания бар. Тилекке каршы, акыркы учурларда үчөөндө тең учакка байланыштуу чуулар маал-маалы менен болуп келет. Мисалы, Tez Jet компаниясынын учагынын мотору абадан күйүп, араңдан-зорго консо, AviaTraffic ишканасынын учагы орто жолдон кайтып келүүгө муктаж болгон.

Ал эми “Эйр Манас” компаниясынын “Домодедово” аба майданында бузулуп калган учагы, эки суткадан кийин Бишкекке учуп келди.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru