Кыргызстандагы жүк ташуу авиациясы

Жүктү башка шаарга же өлкөгө ыкчам жеткирүү керекпи? Муну ишке ашыруунун эң мыкты жолу – AVIAV TM (Cofrance SARL) эл аралык ишкердик авиация борборунун траспорттук учагы.

Жүк ташуучу учактар ар түрдүү жагдайларда керек болот. Алар көбүнчө бир нерсени бат жана сактык менен жеткирүүдө керектелет, мисалы: тез бузулуучу азык-түлүктөр, гүлдөр, тирүү жандыктар, шашылыш документтер, дарылар жана баалуу буюмдар. Мындай учурда поезд же унаа менен саякаттоо ылайыксыз, жана аба кемесин колдонуу гана калат.

Бул туура чечим! Учакта учуу толугу менен коопсуз, силкинүү кедээ гана болот, ал эми буюмдарды катуу турбуленттүүлүктө да жабыркабай тургандай кылып таңса болот. Эң башкысы – бул сыяктуу каттамдар бир нече саатты гана талап кылат, ошол себептен азык-түлүктөр бузулганы, ал эми гүлдөр соолуганы жетишпейт.

Эгер сизге ар түрдүү мүнөздөгү жүктөрдү Кыргызстандын ичинде же сыртка ташуу керек болсо, AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылыңыз. Биз сизди керектүү форматтагы учак менен камсыз кылабыз жана жеткирүүнү «ачкычка чейин» уюштуруп беребиз.

Биз кандай жүктөр менен иштейбиз

Биз ташууга мыйзам тыюу салбаган нерселердин баарын кабыл алабыз, мисал үчүн, биз курал-жарактарды, порнографиялык продукцияны, баңгизаттарды ж.б. жеткирбейбиз. Ал эми жөнөкөй жөнөтүүлөр үчүн бортту каалаган максаттар үчүн сунуштайбыз.

Көп учурда кардарлар учакты төмөнкүлөрдү жеткирүү үчүн жалдашат:

  • унаалар, яхталар жана транспорттун башка түрлөрү үчүн тетиктер,
  • ар түрдүү багыттагы техникалык жабдуулар,
  • тамак-аш,
  • жаныбарлар жана өсүмдүктөр,
  • даары-дармектер жана уруксат берилген башка медициналык жардам каражаттары,
  • маанилүү документтер, баалуу кагаздар,
  • спорт мүлк-шаймандары, музыкалык аспаптар,
  • стенддер жана көргөзмөлөр үчүн реквизиттер,
  • театралдык жасалгалар,
  • курулуш жана жасалга материалдары,
  • бардык категориядагы товарлар,
  • ажыратылма эмеректер,
  • сүрөттөр, айкелдер жана башка көркөм өнөр буюмдары,
  • тиричилик химия каражаттары,
  • компьютер, тиричилик приборлору ж.б. көптөгөн буюмдар.

Жеткирүүнү «эшиктен эшикке чейин» уюштуруу

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы жеке жактар менен да, юридикалык жактар менен да иштешет. Биз жеткирүүнү «ачкычка чейин» уюштуруп берүүгө даярбыз:

  • жүктөрдү алып кетебиз,
  • бардык керектүү документтерди жол-жоболоштурабыз,
  • кардардын каалоосу боюнча буюмдарды камсыздандырабыз,
  • зарылчылыкка жараша, аларды бөлүктөргө бөлүп, оройбуз,
  • аэропортко этияттык менен жеткиребиз,
  • керектүү форматтагы учак менен камсыз кылабыз,
  • жүктөө кылдаттык менен болуп жатканын көзөмөлдөп турабыз,
  • бортто дал ушул жөнөтүүнүн түрүнө ылайыктуу болгон шарттарды түзүп беребиз (температура, нымдуулук, жарык, басым),
  • жөнөтүүлөрдү келүү пунктунан тосуп алабыз,
  • алуучунун эшигине чейин жеткирип беребиз (зарыл болсо, жүктү сактоо үчүн жана алуучу өзү алып кетүүсү үчүн кампа менен камсыз кылабыз),
  • буюмдардын таңгагын ачып жана жыйнап беребиз.

Ошентип, биз өзүбүзгө жеткирүү боюнча суроолордун баарын алабыз жана сизге эч нерсе жөнүндө кабатырлануунун кереги жок. Биз учакты бир жолку ташуу үчүн да, дайымкы кызматташтык үчүн да, мисалы дүң товарларды транспортировкалоого бергени даярбыз.

Жаныбарларды ташуу

Учактарды тирүү жандыктарды ташуу үчүн жалдаган учурлар аз эмес, айта кетсек, мышыктарды жана иттерди гана эмес, кой, эчки, уй сыяктуу ири малдарды да ташышат. Мындай кызмат көрсөтүү Кыргызстанда да актуалдуу. Биз бортко бардык өлчөмдөгү, түрдөгү жана тукумдагы төрт буттуу досторубузду аларды ташуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп, кабыл алабыз. Зарыл болсо, жаныбарыңыз өзүн коопсуз сезиши үчүн тийиштүү адистин коштоосун уюштурууга даярбыз, мисалы – зооняня, ветеринар, ал эми жапайы жаныбарлар үчүн – таптоочуну.

Бирок ар бир жаныбарга атайын документ жол-жоболоштурулуп, керектүү эмдөө кылынышы керектигин эске сактоо зарыл. Чет өлкөгө ташууда аларга ветеринардык паспорттор талап кылынат. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын юристтери бул кагаздарды жол-жоболоштурууга, ал эми мүмкүнчүлүк болсо, аларды алууга да жардам берет.

Жүктөрдү жеткирүүдөгү коштоочу документтер

Ар бир жүк ташуу атайын документацияны талап кылат. Баалуу буюмдарды, көркөм өнөр буюмдарын, зер буюмдарды жеткирүүдө өзгөчө ыкыластуу болуу керек.

Баарынан мурда аларды ташуу мыйзам тарабынан уруксат берилгенин билүү зарыл. Андан соң атайын документтер талап кылынат, кээ бир учурда – мисалга, ташылып чыгып жаткан сүрөт тарыхый баалуулук эмес экенин тастыктоо үчүн экспертиза керек болот.

Бул түйшүктөрдүн баарын AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы өзүнө алат. Биз керектүү инстанцияларды өтүүгө жана бардык ырастоолорду, кагаздарды жана мөөрлөрдү алууга жардам беребиз. Биздин тажрыйбалуу юристтер бул сыяктуу маселелерди оңойлук менен чечет. Бирок эскерте кетүүчү нерсе, буюмду ташып чыгарууга тыюу салынган болсо, аны жеткирүүнүн жолу жок, анткени мыйзамга баш ийүү керек.

Жөнөтүүлөрдү камсыздандыруу

Көбүнчө кардарлар өзгөчө баалуу жүктөрүн жабыркоодон, уурулуктан, толук жок кылынуудан жана ушул сыяктуу тобокелдиктерден камсыздандырууну каалашат. Мындай окуянын орун алуусу аз ыктымалдуу болгонуна карабастан, AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын адистери мындай келишимди түзүп жана чыгашаларды сөзсүз кайтарып берчү камсыздандыруу компаниясын сунуштоого даяр. Он жылдык практикабызда бир жолу да олуттуу инцидент болбосо да, кардардын «тынч жашоо» каалоосун түшүнүп, кардар каалагандай аракет кылабыз.

Жүктөрдү жеткирүүгө кантип буюртма берсе болот

Жүк ташууга буюртма берүү үчүн сизге биздин кеңсеге келүүнүн кажети жок. Келишимди биз аралыктан, электрондук кол коюуну пайдалануу аркылуу түзөбүз, ал эми төлөмдөрдү накталай эмес жол менен кабыл алабыз. Албетте, эгер кааласаңыз, бизге өзүңүз жеке келип, бир чөйчөк кофе үстүндө жакыныраак таанышып кетсеңиз болот. Бирок биз учууларды дүйнө жүзү боюнча сунуш кылгандыктан, кардарларыбызды паспортунун сүрөтүнөн гана көрүп, көнүп калганбыз…

Кааласаңыз,  өтүнмөнү биздин сайтта калтырсаңыз болот. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • каттам,
  • жөнөө күнү,
  • жүктөрдүн мүнөзү,
  • алардын болжолдуу салмагы жана тыш өлчөмү,
  • сиз алуунун калааган кызматтар.

Биздин менеджер өтүнмөңүздү ыкчам иштеп чыгат жана авиаташуунун бардык нюанстарын бышыктоо жана тактоо үчүн сиз менен байланышат.

Кыргызстандагы AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы сиз үчүн бардык жөнөтүүлөрдү «ачкычка чейин» жеткирүүнү уюштурат. Каалаган убакытта кайрылыңыз: биздин жүк ташуучу учактарыбыз ар дайым сиздин кызматта!

 

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru