Дүйнөнүн каалаган чекитине жеке каттамдар

Жеке чартердин эң башкы артыкчылыгы – мындай учактын авиакомпаниялардын каттамдарына көз карандысыз керектүү каттам боюнча учушу. Эгер жөнөкөй ташуучулар керектүү учууларды сунуштабаса, жүргүнчү эмне кыла алат? Убакыт жана нерв коротуп, бир же эки которулуу менен учуу, же жер үстүндөгү транспорт менен жүрүү калат, ал эми бул андан да узак жана чарчатарлык. Ишкердик авиация бул сыяктуу маселени оңой эле чечет. Сиз болгону AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы аркылуу өзүңүз жана компанияңыз үчүн жеке учак жалдайсыз жана дүйнөнүн каалаган шаарына эң кыска убакыт ичинде сан-санаасыз жетип аласыз.

Мындан башка чоң артыкчылыгы – жолдошторуңуздун арасында бейтааныш адамдардын жоктугу. Жадагалса жөнөкөй учактын бизнес-классында кездешүүчү жагымсыз кишилерден, шок балдардан, коңурук тарткан адамдардан ары болосуз. Сиз жайлуулуктун керектүү деңгээлин өзүңүз тандайсыз, ашыкча эч нерсеси жок бюджеттүү вариант – учуу үчүн гана, же сиз каалаган кошумча кызматтары менен ыңгайлуу салон.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясында сизге дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы моделдери сунушталат: Bombardier, Embraer, Sukhoi Superjet, Pilatus,  Fokker, Saab, Cessna, Dassault Aviation, Gulfstream, Beechcraft ж.б. Алардын баары ишенимдүүлүгүн жана биринчи класстагы учуу мүнөздөмөлөрүн далилдешкен. Керектүү вариантты өзүңүз гана тандайсыз жана зарыл болсо, авиация суроолору боюнча компетенттүү консультант сизге өзүнүн объективдүү кеңешин берет.

 

Кыргызстандан учуулардын аймагы 

Кыргызстандын аэропортторунан учуулардын каттамдарынын географиясы кең деп айтууга болбойт. Жадагалса өлкөнүн башкы аба гаваны болгон «Манастан» Европага үзгүлтүксүз каттамдар абдан сейрек сунушталат, көбүнчө кээ бир Азия өлкөлөрүнө жана Россиянын шаарларына каттамдарга суроо-талап жогору. Мындай жагдай, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө эркин саякаттоону каалаган, өлкөнүн ишкер адамдарын такыр канаттандырбайт. Бирок авиакомпанияларды да түшүнүү керек, аларга бир нече адам үчүн жарым-жартылай толгон учакты учуруу пайда алып келбейт.

Мындай жагдайда AVIAV TM (Cofrance SARL) эл аралык ишкердик авиация борбору куткарат. Биздин артыкчылыгыбыз – керектүү каттамды ыңгайлуу убакытта каалаган багыт боюнча которууларсыз сунуш кылуу. Кыргызстандын борбордук аэропортунун учуп-конуу тилкеси жана техникалык жабдуулары атлантика аралык учууларды аткарууга жөндөмдүү, алыска учуучу бизнес-джеттерди да кабыл ала алат. Ошондуктан, эгер сизге чоң эмес компания менен башка континентке учуу керек болсо, мындан оңой нерсе жок: «Кофранска» чалып эле койсоңуз, сизди Dassault Falcon 5X суперучагын же белгилүү Gulfstream – G 650 ER камсыз кылабыз жана сиз алар менен, керек болсо, дүйнөнү да кезип чыксаңыз болот.

 

Коопсуздуктун жогорку деңгээли 

Ишкердик авиация коопсуздук маселелерине дайыма өзгөчө маани бурулат. Ар бир аба кемеси учууга чейин кылдаттык менен текшерилет жана эң жакшы абалда болгондо гана каттамга уруксат алат. Бизнес-джетти башкарууга жогорку квалификациялуу, жарандык учактарды башкарууда чоң тажрыйбасы бар учкучтарга гана уруксат берилет. Борттогу коштоочулар да эл аралык аттестациядан жана жогорку даражалуу конокторду тейлөөгө багытталган атайын окуудан өтүшөт.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын юристтери каттамга милдеттүү уруксатты алышат жана бир нече керектүү инстанциялар менен макулдашып, текшеришет. Албетте, согуш аракеттери жүрүп жаткан зоналарда учуулар ишке ашырылбайт, эгер учуу жолунда мындай чекит бар болсо, ал алыскы аралык менен учуп өтүлөт.

 

Кардар менен баарлашууда купуялуулук так сакталат. Эгер өзүңүз каалабасаңыз эле, эч ким сиздин кайда жана качан учаарыңызды билбейт. Зарыл болсо, сизди жеке коргоо жана аэропортко жеткирүү үчүн ок өтпөгөн унаа менен камсыз кылабыз.

 

Вертолёттор качан жардамга келишет

Кээде кардарларга учактар такыр учпаган, барууга кыйын болгон жерлерге тез жетүү керек болот. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы мындай учурда да жардамга келет: тез трансфер үчүн биз вертолёт сунуштайбыз. Биринчи кезекте бизнес-джет сизди эң жакынкы аэропортко жеткирет, ал жактан сизди вертолёт алып кетет жана белгиленген пунктка ыкчам жеткирет. Ар бир мүнөт маанилүү болуп калчу учурлар болушун түшүнөбүз.

Кыргызстанда вертолётторго суроо-талаптар абдан жогору. Өлкөдө вертолёт аянтчалары көп, ал эми бул траспорт каражатын ижарага алуу бир кыйла арзан. Тоолуу аймактарда вертолёт эң керектүү, ал эми AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылсаңыздар, аны  каалаган убакта жалдоо мүмкүн болот: биз өлкөнүн ичинде каалаган каттамды жана керектүү өлчөмдөгү жана сыйдыргычтыктагы моделди сунуштайбыз.

 

AVIAV TM (Cofrance SARL) сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз

«Кофранс САРЛ» европалык авиаброкери престиждүү авиациялык бизнес-ассоциациялардын мүчөсү: EBAA (European Business Aviation Association) жана NBAA (National Business Aviation Association), Avinode алдыңкы чартер тармагынын катышуучусу, ардактуу сыйлыктардын ээси жана дүйнөдөгү ар башка өлкөлөрдөн, өзгөчө Кыргызстандан, кардарлардан оң пикир алган компания болуп эсептелинет. Биз иш алып барган он жыл ичинде кынтыксыз абройго жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болдук.

Мунун баары компаниянын туруктуу жана бекем экендигин, бизге ишенсе болорун жана ишкердик авиацияга байланыштуу бардык маселелерди чечүүдө ыкчам жардам берерибизге шек саноонун кереги жоктугун билдирет. Стандарттуу эмес каттам боюнча учуу керекпи? AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына кайрылыңыз: болгону бир нече сааттан кийин жеке бизнес-джет менен жолго аттансаңыз болот!

 

 

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru