Кыргызстандагы медициналык авиация

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы Кыргызстанда медициналык авиация кызматтарын сунуш кылууга даяр. Көп учурда чоң аралыкта жайгашкан дарылоо пунктуна катуу оорулууну жеркирүү талап кылынат. Поезд же унаа менен жүрүүгө ал чыдабайт, жөнөкөй учакта да ага ыңгайсыз болот, анын үстүнө авиакомпаниялар мындай жүргүнчүнү бортко албайт.

Мындай жагдайда медициналык авиация жардамга келет. Оорулууга бортунда чыныгы медициналык палата же реанимациясы бар жеке учак берилет. Зарылчылык учурда аны кыймылсыз абалга келтирип, керектүү даары-дармектер жана жабдуулар менен камсыз кылуу мүмкүн. Анын үстүнө, мындай каттамдарда дайыма керектүү адистиктеги дарыгерлер коштошот, мисалы реаниматолог, кардиолог, ошондой эле санитар жана медайым.

Оорулууну учакка чейин AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы уюштурган атайын медициналык унаа жеткирет. Биз Кыргызстандын ичинде жана дүйнөнүн каалаган чекитине каттамды сунуш кылууга даярбыз, ишенимдүү европалык клиника менен дарыланууга контракт түзүүгө жардам беребиз жана оорулуунун өзүнө жана коштоочу адамга бардык документтерди, визаны, камсыздандырууну жол-жоболошуруп, саякатты «ачкычка  чейин» уюштурабыз.

Дагы кандай учурларда санитардык учактар керек болот

Медициналык авиация кызматтары жана атайын учактар кээ бир башка учурларда да керек болот. Көбүнчө алар жатма бейтаптарды ташууда колдонулат, бирок андан да көп учурда майыптар, реабилитациялык курортко бара жаткан кары-картаңдар, кеч мөөнөттөгү кош бойлуулар жана жаңы төрөлгөн наристеси бар энелер үчүн буюртулат.

Кээде артка кайткыс окуя орун алат жана адамды эмес, анын денесин башка шаардагы же өлкөдөгү сөөк коюлуучу жерге жеткирүү керек болот. Жөнөкөй авиакомпаниялар мындай жеткирүүлөр менен алектенбейт, ошол себептен мындай кезде атайын учактар керектелет. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы мындай каттамды уюштурат, ал эми маркумдун жакындары эч нерседен кам санабаса болот: алар жакын адамын кадыр-барк жана бардык керектүү сый менен акыркы жолго узата алышат.

Медициналык вертолёттор

Тоолуу өлкө болуп саналган Кыргызстанда медициналык вертолёттор өзгөчө актуалдуу. Алар оорулууларды ыкчам ташуу үчүн гана эмес, кырсык аймагынан зыян тарткандарды эвакуациялоо, куткаруу операцияларын аткаруу жана башка ушул сыяктуу максаттар үчүн колдонулат.

Учактан айырмаланып, вертолёттун конуусу жана учуусу үчүн кичинекей аянт жетиштүү. Дал ошондуктан, ал жетүүгө кыйын болгон жерлерге барып, керектүү жардамды көрсөтө алат. Борттогу жабдууларга келсек, бул жерде баары медициналык учактын салонуна окшош: оорукана керебети, дары-дармектер жана бейтаптын өмүрүн сактоо үчүн аппаратура бар.

Кыргызстанда медициналык каттамга кантип ыкчам буюртма жасоого болот

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан медициналык учак жалдоо үчүн биздин сайтта өтүнмө калтыруу же менеджер менен байланышуу жетиштүү. Учуп чыгуу жана жана баруу пункттарын, каттамдын убакытын, оорулуунун же оорулуулардын абалын көрсөтүңүз. Оорулууну коштоо үчүн кандай адистиктеги врач керек экендигин жана бейтапты дагы башка адам коштоорун же коштобосун көрсөтүңүз.

Биз абдан ыкчам иштейбиз: кээде бизге стандартуу эмес татаал каттамды толугу менен  уюштурууга бир нече саат гана керектелет. Бул убакыт сизге оорулууну жолго даярдоого араң жетет. Бирок мындай шашылыш – эң акыркы чара катарындагы вариант, ал өтө шашылыш мезгилде гана колдонулат. Керектүүнүн баарын даярдап, бейтапты болушунча ыңгайлуу которуу үчүн  мындай буюртманы мурдатан, бир нече күн же жума мурун кылуу дурус.

Жөнөкөй жана коопсуз тандоо

Эң жайлуу саякат дагы оор оорулуу адам үчүн бир канча кооптуулукту жаратат. Атайын учак – бул эң тез жана ыңгайлуу вариант. Заманбап навигациялык жабдуулар титирөөдөн качуу үчүн турбуленттүүлүк зонасына кабылбоого мүмкүндүк берет, ал эми тажрыйбалуу учкучтар, бейтаптын борттогу абалын эске алып, аба кемесин кылдаттык менен башкарышат.

Жакшы тилек кылып, жашоого жана ден соолукка күрөшүүгө мүмкүндүк бар болсо, аны сөзсүз колдонуу керек. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын коштоочулары: дарыгерлер, санитарлар, медайымдар, айдоочулар, экипаж – керектүү жардамды гана көрсөтпөстөн, учуу убагында бейтап өзүн коопсуз, сергек, жакшыга үмүттөнүп, кам санабашына жардам берет.

Ошентип, эгер сизге Кыргызстандын ичинде же анын чегинен сырткары учууга медициналык учак керек болсо, биздин компанияга кайрылыңыз. Бейтаптын диагнозуна жана абалына карап, аба кемесинин эң жакшы вариантын жана керектүү адистерди сунуш кылабыз. Эгер сиз жеке врачыңыз менен саякаттоону кааласаңыз, биз ага керектүү документтерди тез арада жол-жоболоштурабыз. Ошондой эле, AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы коштоочу адам жөнүндө да камын көрөт: ага мейманканадан бөлмө ээлейбиз, өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн баарын жасайбыз.

Өтө шашылыш учурда ыкчам аракет кылуу үчүн, биздин тынымсыз байланыш кызматыбызга чалганыңыз оң. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан медициналык учактар жана вертолёттор дайыма сиздин кызматыңызда!

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru