Жеке учакты ижарага алуу канча турат

Эгер сиз AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан жеке учак ижарага алгыңыз келсе, биринчи пайда болчу суроолордун бири мындай чартердин баасына байланыштуу болот. Баа дайыма жекече эсептелишин жана көптөгөн факторлордон көз каранды экенин билүү зарыл.

Каттамдын наркы канча болушун эсептөө үчүн «Кофранс САРЛ» компаниясынын менеджери менен телефон же интернет аркылуу байланышуу керек. Сиздин каалоолоруңузду уккандан кийин, кызматкер сизге так баасы көрсөтүлгөн сунуш жиберет. Бул сыяктуу суроо-талап сизди эч нерсеге милдеттендирбейт: келишим сизди бардык шарттар каанаттандырса жана бардык майда-чүйдө суроолор келишилгенден кийин түзүлөт.

Баа эмнеден түзүлөт

Ошондо болжол менен канча, орто эсеп менен канча болот? – деп потенциалдуу кардарлар көп сурашат. Келгиле, сумма эмнеден түзүлөрүн карап көрөлү.

Алгачкы кезекте, учакты ижарага алуунун наркы каттамдын алыстыгы жана тандалган аба кемесинин түрүнө жараша болот, андан соң баага жүргүнчүлөрдүн саны, каттамдын өзгөчөлүктөрү, аэропорттогу токтоолордун узактыгы таасир этет. Жыйынтыктоочу нарк кардар тапшырык кылган кошумча кызматтарды эсепке алуу менен түзүлөт.

Албетте, аба кемеси канчалык алыска учса, каттам да ошончолук кымбат болот. Алыскы каттамдарга, мисалы бир континенттен экинчи континентке учууда өзгөчө кубаттуу реактивдүү лайнерлер талап кылынат жана аларды ижарага алуу баарынан кымбат болот. Орточо аралыктарга турбовинттүү учак жете алат. Ал ушундай эле аралыкка учуучу джетке караганда арзан, анткени бул типтеги аба кемеси колдонулууда экономдуу болуп саналат.

Акырында, кыска аралыкка жеңил учактардын категориясынан 4 орундуу «бөбөк»-учак, а балким вертолёт учат. Аларды ижарага алуу баарынан арзан, бирок кыйла жай учушат, ошол себептен аларды сейрек жалдашат.

Каттамдын болжолдуу баасын өз алдынча эсептөө мүмкүнбү

Конкреттүү сандарды айтсак, жеңил учакты бир саатка ижаралоо 1,5 миң евродон башталат. Ал төрттөн көп эмес жүргүнчүнү жана өтө чоң эмес жүктү ташый алат. «Бөбөктү» автотрассадагы унаалардай тыгында жана сфетофордо турбаган, түз каттам менен жүргөн, ашыкча тегеренмелерди жана бурулуштарды жасабаган «аба таксиси» катары коңшу шаарлардын ортосунда учуу үчүн жалдаса болот. Аэропорттордун саны аз болгон тоолуу аймактарда актуалдуу болгон вертолёт да ушул эле тартип боюнча иштейт.

Көбүнчө ишкерлер беш миң километр аралыкка учуучу орточо учактарды жалдашат. Бул, мисалы, Москвадан Лиссабонго баруу үчүн жетиштүү. Мындай кеменин баасы асмандагы бир саат үчүн 3 миң евродон 7 миң еврого чейин болушу мүмкүн. Баа аба кемесинин өлчөмүнө жана анын кубаттуулугуна жараша болот. Албетте, 20 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган тезирээк учуучу джетти ижарага алуу 5-6 саякатычыны жана кичинекей жүктү алчу «кесиптешине» караганда кымбатыраак болот.

Ал эми 10-15 миң километр аралыкты май куюусуз учуп өтүүчү алыска учуучу джеттердин баасы бир учуу сааты үчүн жети миң евродон жогору болот. Мындай учактар, эгер атайын тапшырык менен жасалбаса, жыйырмадан кем эмес жүргүнчүнү батыра алат. Алар чоң эмес болот, мисалы Gulfstream – G 650  бортуна 19дан көп жүргүнчүнү ала албайт. Бирок көбүнчө мындай аралыктарга жөнөкөй комплектациясында жүздөгөн саякатчыларды ташыган «Боинг» жана «Аэрбас» тибиндеги ири учактар учушат.

Жогоруда айтылгандай, турбовинттүү учактар реактивдүүлөргө караганда бир кыйла арзаныраак, ошол себептен кардарлар көп учурда дал ошолорду тандашат. Саякатыңыздын так наркын билгиңиз келсе,  AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын менеджерине кайрылыңыз, ал сизге сиздин жагдайыңызга, каттамыңызга жана бюджетиңизге эң ылайык келген моделди тандоого жардам берет.

 

Жеке каттамдын наркына дагы эмне таасир этет

Жеке учакты жалдоодо аэропорттогу токтоолордун узактыгы да абдан маанилүү экенин билүү зарыл. Аэропорттордун жогору тарифине байланышуу, джет жерге караганда асманда арзаныраак турат. Ошол себептен, эгер сиз Мадридге учуп бара жатып, шопингге жана досуңузду көрүүгө Берлинге токтосоңуз, мындай саякат Испанияга түз барууга караганда кыйла кымбат болот. Ушундай учурларда аэропортко токтоо үчүн төлөгөндөн көрө, эки башка учакты жалдоо максатка ылайыктуу.

Албетте, борттогу комфорттун деңгээли да баага өз таасирин тийгизет. Сиз жөнөкөй, орто статистикалык бизнес-классты эстеткен учуунун өзүнө буюртма кылган болсоңуз, башка кеп. Ал эми салондо сизге чоң тегерек стол, кинотеатр, диван, ванна бөлмөсү, ресторандан укмуштуудай ланч керек болсо, бул таптакыр башка вариант. А балким, сиз тосуп алуу үчүн лимузин жана жеке коргоону же аэропорттон яхтага вертолёт менен түз жеткирүүнү тапшырык кыласыз.  AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы бардык каалоолоруңузду ишке ашырат.

 

Сумма кантип бөлүштүрүлөт

Каттамдын наркы жөнүндө айта турган болсок, аба кемесинин ээси ижарадан аз киреше алаарын, ошол себептен жеке учактын ээлери аларды ижарага берүүгө шашпашын жана өзүнүн учуулары үчүн колдоноорун айта кетүү керек. Джетти колдонуу жана камсыздандыруу абдан кымдат турат. Сиз чартерге төлөгөн сумма кантип бөлүштүрүлөт?

Каражаттын үчтөн бир бөлүгү күйүүчү майга жумшалат! Андан сырткары 20% дароо аэропорттор, узак эмес болсо да, ал жерде токтоо үчүн алышат, дагы 2% – учуу убагындагы аэронавигациялык кызматка кетет. 18% – экипаждын маянасы. Болжол менен 30% калат. Алар учакты техникалык жактан текшерүү жана тейлөө, борттогу тамак-аш, авиаброкердин акысы, трансфер сыяктуу кошумча кызматтарга, башка экпслуатациялык чыгымдарга жумшалат.

Ошондо сиз кожоюндун «чөнтөгүнө» эмес, учуунун өзүнө төлөйсүз. Албетте, чартерди ижарага алууга колунда бар адамдардын, ири уюмдардын, белгилүү коомдук ишмерлерлердин мүмкүнчүлүгү бар. Эгер сиз жеке каттам үчүн төлөгөнгө даяр болсоңуз, AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясына өзүңүзгө ыңгайлуу болгон убакта кайрылыңыз: биз каалаган каттам боюнча учууну уюштуруп беребиз!

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru