Кыргызстан Кытай менен аба байланышын кеңейтиши ыктымал


Кыргызстан Кытай менен аба байланышын кеңейтиши ыктымал

Учурда өлкөнүн жети мамлекет менен аба байланышы түзүлгөн. Баарынан тогуз багытты камтыган Россия менен байланыш басымдуулук кылат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Быйыл Кыргызстан Кытай менен аба байланышын кеңейтиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Учурда өлкөнүн жети мамлекет менен аба байланышы иштейт.

Авиарыноктун басымдуу бөлүгүн тогуз багытты камтыган Россия менен болгон аба байланышы ээлейт. Ал эми калган өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосунда 1-2 маршрут каттайт.

“Быйыл жергиликтүү компаниялардын бири Кытайдын Пекин, Гунчжоу жана Кашкар шаарларына жаңы маршруттарды ачууну пландаштырып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Агенттик авиакомпаниялардын жаңы каттамдарды ачуу сунушу түшкөндөн кийин аталган мекеме аларды ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүп берерин белгиледи.

Яндекс.Метрика Top.Mail.Ru